Өлкөдө 5-октябрдан бери саясий туруксуздук орун алып жатат. Мындай абал бир гана Кыргыз жарандарын эмес, коңшу мамлекеттерди дагы тынчсыздандырууда. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдурган Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал качан бир нукка түшүп, укуктук талаага кайтып келери белгисиз. Ал арада жергиликтүү жана чет элдик серепчилер өлкөдө болуп жаткан окуяларга карата өз бааларын берип келишет.
Алардын арасынан орусиялык саясий серепчи, Борбор Азия мамлекеттери боюнча эксперт Аркадий Дубнов бир аптадан кийин өтө турган КМШ мамлекеттеринин саммити тууралуу эске салды. Бул тууралуу билдирүүнү ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Бир аптадан соң видеоконференция форматында уюштурулган КМШ өлкөлөрүнүн саммити болот. Эгер Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан саясий кризис жоюлбаса эмне болот? Мамлекеттин атын ким көрсөтөт? Бир жагынан алганда, президент Сооронбай Жээнбеков өз ыйгарым укуктарынан баш тарта элек. Президент элине кайрылуу жасап, өзүнүн бар экенин билдиргени менен анын кайда экени белгисиз. Андыктан мен Кыргыз өлкөсүнүн бешинчи президенти Сооронбай Жээнбековду эл аралык издөөгө салам", - деген пикирин билдирген орусиялык серепчи.