Бишкек шаарындагы учурдагы абалга байланыштуу айрым супермаркеттер кечкисин спирт ичимдиктерин сатууну убактылуу токтотот. Бул тууралуу элдик кошуундар социалдык тармактагы баракчаларына жазышууда.
Маалыматка ылайык, шаардагы ири гипермаркеттердин бири болгон "Фрунзе" кечкисин ичимдиктерди сатууну токтоткон. Ошол эле учурда алар башка супермаркеттерди дагы кечкисин спирт ичимдиктерин сатууну токтотуп турууга үндөшүүдө.
Бүгүн, 9-октябрь саат 08:00гө карата Бишкек шаарында абал туруктуу.