9-октябрга караган түнү Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"9-октябрга караган түнү саат 02:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.