2020-жылдын 1-октябрына карата 108 миң 48 балага бир жолу төлөнүүчү "Балага сүйүнчү" берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга республикалык бюджеттен 400 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Мындан сырткары үч эм төрөлгөн 9 үй-бүлө кайрылган. Алардын ар бир баласына 50 миң сомдон төлөнүп берилген.