Биз социалдык тармакта

"Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлайбыз деген жыйынга айрым депутаттарды колунан кармап, колтуктап келе жатышканын көрдүм" дейт Клара Сооронкулова

Бүгүн, 9-октябрда "Республика", "Бир бол", "Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары "Акыркы үмүт" деп аталган саясий бирикме түзүшкөнүн айтышты. Анда "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова Садыр Жапаровду шайлайбыз деген жыйынга айрым депутатттарды күч менен алып келип жатышканын көргөнүн айтты.

"Мыйзамдуу процедуралар сакталышы керек. Өткөндө жыйында Садыр мырза айтты, мен акталып чыктым, Жогорку Соттун актоо боюнча токтому чыкты деп. Бүгүн Жогорку Соттун башка токтому чыгып жатат, эми билбей жатам кандайча акталды деген сөз айтылып калганын. Бирок бир нерсени айтып коюу керек, мыйзам боюнча азыр жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко чейинки териштирүүгө кетти. Жапаров ушуну айтып коюш керек болчу. Мыйзам боюнча анын премьер-министрликке талапкер болууга укугу барбы деген суроо турат.

Мыктыбек Абдылдаев буга чейин "биз аны премьер-министр кылып шайлаган жокпуз, коалиция анын талапкерлигин көрсөттү, эми Жогорку Кеңеште жыйын болуп анан бекитебиз" деди.

Азыр революцияга ээлик кылып ар кандай күчтөр чыгып жатат. Революцияны эл жасады, кырдаалды пайдаланып саясий күчтөр уюшкан кылмыштуу топтор менен биригип алып бийликти басып алышты. Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлайбыз деген жыйында мен да отурдум. 35 депутат келди, айрым депутаттарды эки тарабынан колтуктап, кармап алып келишти. Аларга басым болду. УКМКга депутаттардын коопсуздугун камсыздап туруп, жыйынга алып келип бергиле деп кайрылат элем. Алар топтолгондо гана легитимдүү кызмат орундар дайындалат. Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоону эч ким билген эмес, мен жыйынга келип таң калдым", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nuri-123
2020-10-09 13:38:44
Садыр Жапаров эскилер мн иштебейм дегени учун баары ага каршы чыгып жатат
+16
Pchelka85
2020-10-09 13:42:41
Давайте по конкретнее. Кайсы жепутатты колтуктап алып келишти... конкретно фамилии.. имена...??? А так эле эле придумывать эте бергенге мы все мастера
.
+11
Bars88
2020-10-09 13:44:48
Клара сен кимсин Жапаров ким.Уйундо эле балдарына тамак кылып берип отурбайсынбы.Кече шайлоодо 1%дагы албадынарго партиянар
+10
Nurik1988
2020-10-09 13:45:20
Клара кысчу жеринди кысып уйундо отурчу ушуга чейин жединер жетишер
+9
sultan89
2020-10-09 13:48:51
Адам кейпиндегилер
+2
munduz2016
2020-10-09 14:04:21
Жапаровдой болгучанар коп татаал жолдорду басып отушунор керек
+6
Adi010891
2020-10-09 14:06:14
Революцияны эл кылды, Садырды да эл койду, демек эл Садырды колдоп атат. Сен кыншылабай бар, барып неберелеринди кара
+8
Qwer007
2020-10-09 14:20:58
Адамдарда жуз деген калбаптырда, ошондо эмне айтбадын сен деле журдунго ошо жерде телефонго тушуруп.
+2
JaneEr
2020-10-09 14:35:01
Аллах жазасын берсин баарынардын!
+2
bond02
2020-10-09 14:45:37
Мамлекетти ойлогон бир деле киши жок го, баарынын оюнда эле кресло.
+1
Gabiku
2020-10-09 15:18:03
Анан эмне Атамбаев акталып чыктыбы?аны колдосо болот муну колдосо болбойт экен да ээ
+3
portugalia
2020-10-09 15:24:08
Депутаттар-саясий проституткалар!
+3
al-abu-kinesz
2020-10-09 17:57:17
Ушул катын менен Сурабалдиеваны ээрчиген эркектер юбка кийип алгыла силер дагы! Садыр кыргыз учун куйгон чыныгы лидер. Козунорду чоон ачкыла эл журт, ким мамлекет учун эмне кылды бир саресеп салгыла.
+2
al-abu-kinesz
2020-10-09 17:59:08
5мин 10 мин адам келди деп Супер силер кобуртпой чагылтыргыла, 2-3 мин адамдарды. Булар да бугун эртен акча учун турат анан тарайт, а Садырдын колдоочулары акчасыз эле айлап дагы туруп беришет!!!
+2
asman.81
2020-10-09 19:57:13
Кларага окшогондорду эл бузаар,журт бузаар чагымчы дейт.Уят керек,карып калган чагында ар нерсени доорубой!Кудай алдында да жооп бересинер чагымчылар!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан