Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №6 оорукана кайра ачылды

Бишкек шаардык клиникалык №6 оорукана бейтаптарды кабыл алуу үчүн ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, августтун аягында аталган оорукана оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган. Бирок акыркы түзүлгөн саясий-экономикалык оор кырдаалдан улам каражат жетишпей калып, оңдоп-түзөө иштери кийинки жылга жылдырылган.

Аталган оорукана терапиялык, кардиологиялык, неврологиялык оорулууларды кабыл алууда. Эгер вирус күчөп кетсе, COVID-19 жуккандарды да кабыл алат.

Эске салсак, коронавирус жугузгандар Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, Улуттук фтизиатрия борбору менен Улуттук госпиталда кабыл алынууда.

Бишкекте оору күчөп турган июль айында курулуш иши башталган инфекциялык оорукананын жаңы имараты азырынча курулуп бүтө элек.

9-октябрга карата вирус 275 кишиден аныкталып, төрт киши каза болду. Бишкекте акыркы суткаларда коронавирус жугузгандар көбөйүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан