Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. 10-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 10-октябрда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +9…+14;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +0…+5, күндүз +9…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Таласта түнкүсүн +0…-5, күндүз +9…+14 градус;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан