Бүгүн, 9-октябрда "Азаттыктын" кабарчысы өкмөт үйүнүн алдындагы митингди чагылдырып жатканда, митингчилер тарабынан түз эфирде коркутууга туш болду. Бул тууралуу "Азаттыктан" билдиришти.
9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышкан. Ага катышкан адамдар Жапаровдун бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылышкан.
Видеодо көрүнгөндөй, белгисиз адамдар кабарчыга келип, түз эфир учурунда: "Садыр Жапаров деп тема кой, "Азаттык" туура эмес чагылдырууда. Биз кеңсеңерге баралы деп жатабыз. Бул жерден кетип кал", - деп айтат.
Натыйжада кабарчы өз ишин токтотуп, митингден кеткен.