
Бүгүн, 9-октябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри
Асылбек Топчубаев саламаттыкты сактоо мекемелерине бериле баштаган жылуулук системин текшерип чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, от казандарды текшерүү учурунда Ош шаардык төрөт стационарынын жана облустук төрөт үйүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүп, жылуулук үзгүлтүксүз берилерин билдирди.
Ош шаардык төрөт стационарында учурда 116 жаңы төрөлгөн ымыркайлар бар. Ал эми облустук төрөт үйүндө 145 ымыркай бар.
"Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Беделбай Кыдырбердиевдин айтымында, ар бир саламаттыкты сактоо мекемелеринин отказандарынын кызматкерлери тийиштүү окуулардан өтүп, керектүү жабдыктар менен толук кандуу камсыздалган", - деп жазылат маалыматта.
Ош шаарына жылуулук берүүгө жылуулук камсыздоо ишканасы менен ЖЭБ даяр.