"Бир суткада 307 адамдан коронавирус аныкталды. 5 адам каза болду. Бул сандар илдеттин жаңы толкунуна бара жатканыбызды билдирет", - деп республикалык штабдан билдирүү таратышты.
"Эки-үч ай мурун коронавирус биздин туугандарыбыздын, жакындарыбыздын жана досторубуздун өмүрүн алып кетти. Калың эл кайгырып, ыйлап, өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине, чиновниктерге, айрым учурда медиктерге наалат айтышты... Көп мекендештерибизде илдет оор формада өттү, көбү азыркы тапка чейин коронавирустун кесепети менен күрөшүп жатышат: пневмония, жогорку кан басым, бөйрөк оорусу, гормоналдык фондун бузулушу жана башкалар.
Тилекке каршы, санитардык эрежелерди сактоо керек деген чакырыктарды адамдар көз жаздымда калтырып жатышат. Балким, көбү жакындарды жоготуу, медиктерге бул жаман вирус менен күрөшүү кыйын болгонун унутушту", - деп жазылат маалыматта.