Биз социалдык тармакта

Өкмөттө эмгек акыларды жана социалдык төлөмдөрдү каржылоо маселелери талкууга алынды

Өкмөттүн аппарат жетекчиси-министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Темиралиев өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү актуалдуу маселелердин топтому талкууланды.

Анын ичинде өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиологиялык абал, эмгек акыларды жана социалдык төлөмдөрдү каржылоо маселелери талкууга алынды.

Өкмөт өз ишин кадимки режимде улантууда. Бишкек шаарындагы учурдагы коомдук-саясий абалды эске алуу менен кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tymar
2020-10-10 15:24:26
Окмот ишин уланта берсин. Эл кыйналып кетти. Садырга окшогон популисттерге баш ийбегиле. Садыр Жапаровтун бул биринчи жолуку ызы чуусу эмес. Буга чейин Кумтор боюнча популисттик идея менен элдин мээсин айлантып, обл. админи-ны басып алганын эл билет. Эми кезек Окмот уйуно жетиптир. Озунун аянттагы криминал тарапташтарын башкаралбай жатып, кантип 6 млн элди башкарам деп жатат. Садыр келсе эле элдин турмушу онолуп кетет дейсинерби. Жок. Садыр жыланач баатыр, популист.
-12
Tyty1990
2020-10-11 11:17:41
Tymar,сенин оюңа койсо арстан алай болсо президент. Анан элдин баары оо теңир деп отуруп калышса.
0
Bermet01
2020-10-10 15:37:09
Садыр Жапаров ото арамза адам экен. Кебетесинен эле корунуп турат, тулкудой болуп. Сыйлабай калдым. Эл кыйналып жатса, популисттик идея менен элди дурботуп, "бардак" уюштурганды жакшы оздоштуруптур.
-12
nurikkg90
2020-10-10 15:48:18
Койгула туугандар жамандабайлы буйруза ынтымактуу болуп чечилип калар азыркы жагдай биз Баардыгыбыз мусулман бир туугандарбыз
+2
Kuban-1207
2020-10-10 16:14:59
Садыр
+4
Asel69
2020-10-10 16:34:16
Садыр чала спортиктеринди алып кетчи аянттан. Андан коро айылына барып айылдыктардын камын ойло. Бишкекте эл тажап кетти уже. Бийлике жутунбай эле кой.
-7
Tyty1990
2020-10-11 11:16:20
Asel69, каерде болсо сен канчык жүрөт экенсиң
0
bekalife
2020-10-10 18:02:41
Садырдан башкасы келсе жыргатпайт. Туура тушунгуло. Баягыданда жаман жашоо болуп кетиши мумкун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан