"Ала-Тоо" аянтында күч кызматкерлери жана аскердик техника топтолууда. Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев журналисттерге билдиргендей, алар коомдук тартипти сакташат.
"Бүгүнкү күнү өзгөчө абал киргизилген. Элдик кошуун менен бирге турабыз. Эч кандай элди атып, кубалоо максатыбыз жок. Коомдук тартипти камсыз кылып, тоноо болбош үчүн бул жакта турабыз. Биз саясаттан тышкарыбыз. Бүгүн 21:00дөн баштап коменданттык саат киргизилет. Анда кармалгандардын аты-жөнү аныкталып, коё берилет", - деди Орозалиев.