Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасына коронавирус оорусу менен кайрылгандар күн санап көбөйүүдө

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасына коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, кайрылгандардын саны күн санап көбөйүп жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

“Мага оору жукпайт” дегендер терең жаңылышат дешет Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасынын дарыгерлери. Алардын айтымында, медициналык уюмга күн сайын клиникалык жактан тастыкталган 10-12ден бейтап кайрылууда. Учурда медициналык уюмда 69 адам дарыланып жатат. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, оор абалда экенин дарыгерлер билдиришти.

Эркин Бакиев: “Жарандар өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына болгон жоопкерчиликти унутуп коюшту. Акыркы эки аптада бизге келип түшкөн бейтаптардын саны көбөйдү. Мындан улам элге кайрылам. Беткап тагынгыла, социалдык аралыкты сактагыла, колду үзгүлтүксүз самындап жууп, антисептик менен тазалоону унутпагыла. Азыр респиратордук жугуштуу оорулар, сасык тумоо күчөдү. Бул ооруларды алдын алуу - маанилүү”, - дейт Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын кабылдоочу дарыгери.

Ал эми медициналык уюмдун жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгер Надыр Жообаевдин айтымында, бейтапканада дары-дармек, медициналык жабдуулар менен жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.

“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактагысы келбегендер биринчи кезекте үйүндөгү балдарынын, ата-энесин ойлошу шарт. Жоопкерчиликти терең сезип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга милдеттүү. Ушул жол менен гана COVID-19 илдетинин мындан ары жайылышына бөгөт коё алабыз”, - дейт Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Надыр Жообаев.

Өлкө боюнча 48 924 адам коронавируска кабылып, 44 227 киши оорудан сакайды. 1082 адам илдеттен дүйнө салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazarnew
2020-10-10 21:35:03
Э асрандиев болосуңбу Кашкар болосуңбу, жоголгула акмактар, позоры страны, Садырга эч кимин асылбагыла, ал ак иштейт, супер пожалуйста комментти жандырып койгулачы, Садырдын душмандарын аябай согойун дедим. Акмактар.
+3
Asel69
2020-10-10 22:28:37
nazarnew,Садыр кандай жол менен келди, кайра ошондой чатак жол менен жоголот. Бир аз убакыт отот, олкону ондой албайт. Тушунуксуз болуп калды. Садыр Жапаров эмнеге кайра камалбай калды. Кыскасы ОПГ рулит. Скоро террорлор башкара баштайт
-4
alym21
2020-10-10 23:28:34
Asel69,Медиа порталда митинг кылып кууп чыкса боло турган болсо,сизди биринчи кубалап чыкмакпыз Асел айым.
+3
Glucke
2020-10-11 00:04:17
Дагы жакшы түрктөр салып койгон экен керегибизге жарап жатат. Байкап көрсөк орустарга караганда түрктөр көп жардам берет бизге мусулман бир тууганыбыз деп.
-2
Atas
2020-10-11 15:43:05
Glucke,Сенин тууганың жүнбаштар туркыя бизге ДИКТОВАТЬ эткиси келет позорниктер тырк сырктын аркасын лизать кылып жүрө бер (((((
0
kasiko
2020-10-11 09:26:33
Эми массалык турдо кобойот, озунорду карагыла, маска антисептик
0
Glucke
2020-10-11 13:49:49
kasiko, Тазабектен үйрөнгүлө.) Мастер класс бериптир го кечээ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан