Муфтий Максатбек Токтомушев өлкөнүн тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн 12-октябрдан тарта бардык дин кызматкерлерине куран хатым баштоону милдеттендирди.
«Урматтуу дин кызматкерлери! Республика боюнча COVID-19 коронавирус оорусунун көрсөткүчү кайрадан жогорулай баштагандыгын республикалык штаб маалымдап жатат. Андыктан өлкөбүздүн келечегин, элибиздин амандыгын тилеп дуба кылуу максатында куран хатым баштоону милдеттендирем", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми ар бир окулган куран хатымды эсепке алууну муфтий Равшан Эратовго тапшырып, дин кызматкерлерин бул иште кайдыгер болбоого чакырды.