Түндө Бишкек шаарында абал тынч болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калааны ички иштер органдары, куралдуу күчтөр элдик кошуун менен биргеликте коомдук тартипти сактап, жарандардын коопсуздугун камсыздап жатат.
Саат таңкы 5:00дөн бери транспорттун жана жарандардын кыймылы кадимки абалда жүрүүдө. Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлик объектилер толук иштеп жатат.
Милиция кырдаалды курчуткан жана чагымчылдыкты жараткан аракеттер боюнча фактылар болбогондугун айтты.