"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Чакмак алуу - бирөөгө өз билгениндей үстөмдүк жүргүзүү, ары-бери калчоо, көз каранды кылуу. Мисалы: Адамдын тагдырын чакмак алган эски бийлик эбак кыйраган. (Т.Сыдыкбеков)
2. Ажат ачуу - бирөөнүн өтүнүчүн, тилегин орундатуу, муктаждыктан куткаруу, керегине жароо. Мисалы: Ажатын ачтың муңдагы ата менен эненин. (Калык)
3. Апкөй тил - бал тилге салып, куулук көрсөтүүнүн, алдоонун амалы. Мисалы: Байымбет бу саам апкөй тил, азем мамиленин түпкүрү көк иримдүү экенине көзү жете камсыкты. (Ш.Бейшеналиев)
4. Каны ичине тартуу - ачуусу келүү, каардануу, кубарып-кумсаруу, кыжыры кайноо. Мисалы: Каныбектин каны ичине тартып, тиштери качырап, жаак эттери түйүлө баштады. (К.Жантөшев).