Республикалык штаб илдеттин көбөйүшү байкалып жатканын айтып, жарандарга кайрылды.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын көбөйүшү байкалып, өлүм күн сайын катталууда. Бардыгыңыздарды санитардык нормаларды сактоого чакырабыз.
Беткап тагыныңыздар!
Социалдык аралыкты сактаңыз!
Колуңузду самын жана антисептик менен көп жууңуз!
Азыр ОРВИ жана грипптин мезгили экендигин, адамдын денеси аялуу экендигин, иммунитетти чыңдап, ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү экенин унутпаңыз!