Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.
2020-жылдын 7-октябрынан тарта муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.
Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.
Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.