Биз социалдык тармакта

Бишкекте унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөн 54 айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын аймагында 2-октябрдан 8-октябрга чейин жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузган 2 миң 72 учур катталды. Бул тууралуу милициянын патрулдук кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, унааны мас абалында айдаган 41 айдоочу, унаасынын алдыңкы жана капталдагы айнектерин караңгылатып жүргөн 9 айдоочу, транспорт каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкарып жүргөн 54 айдоочу кармалды.

Мындан сырткары 1 миң 968 учур жолдогу башка коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча катталып, айып короосуна 203 транспорт каражаты киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан