
Саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун үйү өрттөлдү. Үйдүн жалбырттап күйүп жатканын чагылдырган видео интернет маалымат булактарынын бирине жарыяланды. Күйгөн үйдүн Жапаровго тиешелүү экенин билүү үчүн SUPER.KG порталы Жапаровдун өзү менен байланышып андан жооп ала алган жок. Ал эми Жапаровдун жардамчысы экенин айткан жаран так маалымат айтуудан алыс экенин, азыр окуяга комментарий берилбей турганын кошумчалады.