ЕАЭБдин бажы аймагынан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 3 миллион 297 миң сомдук товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
“Баткен” бажысынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда У.М.Ш. аттуу өзбекстандык жарандын башкаруусундагы МАН үлгүсүндөгү транспорт каражатын “KOGEL” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык тыкыр кароо жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынан чектеш мамлекетке мыйзамсыз ташылып бара жаткан жалпы салмагы 8 миң 775 килограмм болгон 219 миң 360 даана 100 ваттык лампочкалар жана М400-Д20 маркасындагы 1100 килограмм портланд цемент табылган.
Кармалган товардын орточо базар баасы 3 миллион 297 миң сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди" , - деп жазылат маалыматта.