Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү

Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана экономикалык реформалардын алдында турганын белгиледи.

"Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл. Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш", - деди ал.

Жыйындын соңунда өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

  • күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;
  • коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;
  • бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;
  • донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү;
  • социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;
  • салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;
  • коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekalife
2020-10-12 15:25:37
Ишинизге ийгилик каалайбыз Садыке
+17
Nurik1988
2020-10-12 15:46:58
Ийгилик каалайм С,Ж,К
+11
mirkaa5182
2020-10-12 16:24:48
Ишениш сизде калды Садыр Нургожоевич билекти түрүп ишти тез арада колго алың.
+11
asyl1998
2020-10-12 16:26:50
Садыр легитимсиз. Олкону ондой албайт. Жакында жарга такалабыз. Криминал менен бийлике келип алыптыр. Садырдын ажылдаган фанаттарын кордук. Жакында кайра Садыр кетсин деп окуруп чыгышат. Кыргызстанга ызы чуу менен келген кадрдын кереги жок. Садыр эптеп кызматка жутуган кадр экен.
-20
Alia82
2020-10-12 17:09:11
asyl1998,оозуна таш, Кудакааласа онугобуз, баары Алланын колунда
+8
ZHYRGAL.balalaika
2020-10-12 18:08:08
Асыл 1998сендейлерден кудай сактасын баары кудайдын колунда экенин унутпа, жакшы ниет кыл
+7
Margana93
2020-10-12 19:07:03
Ийгилик Садыр мырза
+5
make2
2020-10-13 01:09:40
Эл алданганын биле элек, сезбей жатаь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан