Эртең, 13-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Таласта түнкүсүн +0…+5, күндүз +18…+23;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +0…+5, күндүз +11…+16;
Нарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +13…+18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 гардус, күндүз +23…+25 градус болот.