Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режиминдеги коменданттык сааттын режими узартылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өзгөчө кырдаал учурунда Бишкек шаарынын аймагындагы коменданттык саат 22:00дөн 05:00гө чейин бардык жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн күчүндө болот. Бул учурда Бишкек шаарынын комендантынын тиешелүү буйругу даярдалууда", - деп билдиришти ШИИББден.
Бүгүн, 12-октябрь күнү кечки саат 08:00дөн, 19-октябрь таңкы саат 07:00гө чейин Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилген.