Биз социалдык тармакта

Евробиримдик өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков боюнча позициясын билдирди

Европа биримдиги Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт катары тааныйт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Кечээ, 12-октябрда Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Буриан Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилегин жеткирген.

"Евробиримдик Жээнбековду лидер катары таанып, Кыргыз өлкөсүнө тынчтык жолу менен стабилдүүлүк орной турганына ишеним артат. Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташууга, стратегиялык кызматташуу боюнча келишимди ишке ашырууга зор салымын кошкон.

Европа биримдиги президент Сооронбай Жээнбековдун кырдаалды жөнгө салып кетүүгө жетиштүү күчү жана механизмдери бар экенине ишенет. Ошондой эле бардык саясий күчтөрдүн жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен өлкөнү кризистен чыгарып кетет деген үмүттө", - деп билдирген Жозель Боррел.

Мындан сырткары, Евробиримдик Кыргыз өлкөсүнө кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arzybekkg
2020-10-13 12:03:24
Мен ишенем С. Жээнбеков созуно турган эркек Адам деп.. Оз каалосу менен арыз жазып кетуусун каалайт элем..
0
Baiaman997
2020-10-13 14:01:07
Уже 3 кун болду, кетем дененден кийин кетсинда эми,элдин дагын ачуусун келтирбей
+3
bond02
2020-10-13 15:03:46
Жээнбеков акырындык менен озуно келип жатат.
+1
Bermet01
2020-10-13 15:57:36
Сооронбай бир тууган туушкандарын, жердештерин кызматка дайындаганды, Раимга окшогон акмактарды коргологонду токтотпосо эл арасында нааразычылыктар улана берет
+5
Mital.89
2020-10-13 16:01:54
Кетет тугандар шашпагыла. Аны кубалап салсак чындыгында болок мамлекеттер биз мамиле кылышы кыйын болуп калат. Кетет оз арызы мн Садыке президент болбосода пример болсода анча ондойт куда каласа.
+5
komn47
2020-10-13 16:45:09
Туугандар Бир шанс келди эле ошону да талашып отуруп тарттырып жибердик окшойт.Алдандык
+4
PeRa
2020-10-13 21:55:45
Бул кетиши менен тактыны берээр оюу жокко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан