Биз социалдык тармакта

Үнөмдүү пайдаланыңыз. Өлкөдө электр жарыгы белгиленген лимиттен ашык колдонулууда

Өлкөдө электр жарыгын колдонуу кескин жогорулады. Бул тууралуу "Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөттүн 30-апрелдеги токтомуна ылайык, аймактык энергетикалык компанияларга күз-кыш мезгили үчүн электр жарыгын колдонуу лимиттери бекитилген. Бирок КЭЭБдин анализи 5-октябрдан тарта электр энергиясын колдонуу кескин жогорулап, чектен ашып кеткенин көрсөткөн.

2020-жылдын 11-октябрына карата бир сутка ичинде 34 миң 546 миллион киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылган. Ал эми 2019-жылы ушул эле убакыт аралыгында 24 миң 365 миллион киловатт-саат сарпталган.

"Чектен ашкан керектөөсүнүн көбөйүшүнүн мындай тенденциясы Токтогул суу сактагычынан суунун ашыкча пайдалуу агып чыгуусуна алып келет. Бул дарыядагы агымдын аз болуу шартында жагымсыз жагдай. Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуу чарасы республиканын бардык керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2020-10-13 13:37:20
Жылуулукту берсе электр плиталар колдонуу азаят да
+2
Kuban-1207
2020-10-13 13:51:51
Токтогулдагы сууну сатып атат го чоңдор
+2
Rusi79
2020-10-13 15:42:57
Kuban-1207,дарт десе далее деп эле чыга каласынар сууну сатат деп,кандай кок мээсинер канчалык токту коп колдонсок ошончолук сууну коп кое бергенге туура келет,суук тушту копчулук электр печкаларын жакты.Комур жаккыла сатып алып мен деле жылда 15мин коротом комурго, билем кээ бир уйлор бир тыйын комур албай кыштан чыгышат значит ток уурдашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан