Биз социалдык тармакта

"Китептер бүтүн калыптыр". Ак Үйдүн ичи тазалана баштады (сүрөт)

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин имаратынын ичи тазаланып, иретке келтириле баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында жазып, видео, сүрөттөр менен бөлүштү.

Анда Ибраим Нуракун уулу эң баалуу байлык болгон китептер бүтүн калганына кубанып жатканын айткан.

"Бүгүн сиздерге Жогорку Кеңештин ичин көрсөтөм. Сүрөт жана видео баяндар болот. Мени кубантканы китептерибиз сакталып калыптыр, арасынан Манас менен Айтматовду таап алып ыйладым.

Жогорку Кеңештин имаратын тазалоо кечээ башталды. Учурда айнектердин сыныктары жыйналып, буюмдар иретке келе баштады. Коридорлор тазаланды. Бизди сүйүндүргөнү китептер соо калыптыр. Уурдап дагы кетишпептир. Жогорку Кеңештин имараты калыбына келет деп ишенебиз.

Бул жактагы мүлктөр биздин атуулдар, салык төлөгөндөрдүн акчасына келген, тилекке каршы, көп буюмдар талкаланып кетиптир" деген Нуракун уулу.

Ошондой эле Ибраим Нуракун уулу тарткан видеодо ЖКнын ичин тазалап жүргөн эже иретке келтирүү оор болуп жатканын, мындан улам бели ооруп калып жатканын билдирген.

Бишкек шаарында 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингге катышууга келген кээ бир жарандар тарабынан алынган Ак Үйдүн ичи талкаланган. Натыйжада техникалар жараксыз абалга келип, эмеректер сынган. ЖКнын жыйындар залы дагы иштөөгө мүмкүн болбой турган абалга жеткендей талкаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AdylbekB84
2020-10-13 13:15:05
Ал жерге кирип барып талкалагандар илимдүү- билимдүү жаштар эместа, акылы жайында, билими бар адам ал жерге кирбейт, кирсе дагы токтотушка аракет кылмак! Мен дагы ойлодум эле уборкада иштегендерге кыйын болот деп, алар жөн тазалабайт каргап- шилеп тазалайт! Тополоң кылгандарга каргыш тиет! Аллахым дагы жазасын берет!
+11
mira28
2020-10-13 13:17:11
Ушул эми кантип болсун. Уятсызтардын кылганы да. Китепти уурдашпайт да. Аны алып окумак беле. Китеп окуган кишилер болгондо мындай ишке бармак эмес. Ноутбук уурдашы анык, себеби куну туну саясаты тиктеп отурушат. Уят эле. Ак уйдо эмне куноо. Эшике чыкканын тутуп алып былчылдата бергиле ичине азылып эмне кылат эленер.
+9
Sagyn.91
2020-10-13 14:28:19
Билимдүү, китеп окуган жаштардын иши эмес бул. Баары бекерчилер, акча десе жанын берүүгө даяр келесоо чумолордун иши.
Акмактар. Эмне таптыңар, Ак үйдү талкалап!
+3
alym21
2020-10-13 14:39:48
Китеп окуган киши бар беле озу ак уйдун ичинде,китеп окубаган жеп жутарларды кубалайбыз деп оздоруно окшогон китеп окубагандар талкалаган да.
+2
Kari
2020-10-13 19:21:46
Китеп окуй турган заман болгондо кана,уурдамак.Заманыбызбы же бийликтегилерби жонокой адамды да саясатка 100 пайыз буруп койду.Китеп окуган мен азыр кундо жанылык коруп калбадымбы.Бул кетиште журок оорукчан болуп калбасак экен.Баарыныздарга ден соолук,тынчтыкты каалаймын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан