Эртең, 14-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +23…+25 градус болот.