Биз социалдык тармакта

Социалдык тармактарга Ак Үйдүн учурдагы абалын чагылдырган сүрөттөр жарыяланды

Социалдык тармактарга Ак Үйдүн учурдагы абалын чагылдырган сүрөттөр жарыяланды. Ал сүрөттөрдү Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жүктөдү.

Андан имараттын ичиндеги коридорлордо талкаланган техникалар, чачылган барактар жатканын, ошондой эле сынык терезе, эшик, айнектин калдыктарын көрүүгө болот.

Сүрөттө бир нече адам бөлмөлөрдүн ичин тазалап жүргөнү чагылдырылган.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыккан. "Ала-Тоо" аянтына чогулгандардын саны көбөйүп, натыйжада укук коргоо органдары менен жарандар ортосунда кагылышуу орун алган. 6-октябрга караган түнү митингдин катышуучулары тарабынан Ак Үй алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bermet01
2020-10-13 23:17:35
Чынында азыр Садыр Жапаровтун фанаттары жон эле айкырып жатышат, Садыр премьер болсун деп. Бирок 2-3 айдан кийин Садырды кетсин деп баштайт. Бир дагы олко Садырды тааныган жок. Садыр тилдин учу менен популисттик жомокторду айтып, озунун таасирин кучтоп алды. Бирок Садыр келсе эле онугуп кетпейбиз. Кыргыздарда ынтымак жок. Дагы деле жердешчилик, тууганчылык сакталып калган. Ага Соке кунолуу. Садыр бир уч элдин тобу менен бийликти кармап турганы туура эмес. Аягы жакшы болбойт.
-9
orun
2020-10-13 23:23:07
Bermet01,бир ууч элдин тобу эмес, жок эле дегенде Кыргызстандын 85 пайыз калкы колдойт Садыр Нуркожоевичти!
+11
nazira...
2020-10-13 23:32:05
Bermet01,эшектин как тезегин жепсин, ниетин жаман экенсин
+6
arimaz89
2020-10-14 08:30:03
Bermet01,Эрте күндө эле көзү ачыктык кылбагылачы! Кезинде Кумтөрдү көтөрөм деп камалды эле, эми ошол теманы алып чыгууга жөн гана бир ирет мүмкүнчүлүк берип койгонго эмнеге болбосун!? Ниети түз эмес калкпыз деги! Эшегине жараша тушоосу, элине жараша ханы деген туура сөз!!!
+2
Bermet01
2020-10-13 23:20:45
Соке калыс адам болуш керек эле. Анын ордуна туугандарын, раимдын-кландык бийлигин коргоп туруп алды. Эки жуздуу саясат жургузуп туруп алды. Эгер шайлоону таза откоргондо ушундай башаламан болмок эмес. Раимдерди жоопко тартыш керек болчу.
+7
Mirnar
2020-10-14 00:23:17
Сооронбай Жээнбеков орто эле иштеп аткан. Элдин кыжырына Асылбек Жээнбеков тийди деп ойлойм.
+17
Kylym.85
2020-10-14 01:54:37
Садырдын тарапташтарынын басымдуу болугу, чектен ашып кетти, ооз ачкан адамды эле Кыргыздын чыккынчысы дешип, Садырды мен колдобойм демек мен да кыргыздын чыккынчысы боломбу ошондо?
-2
orun
2020-10-14 06:45:40
Kylym.85,ооба дал ошондой. Өзүң эле таап айтыптырсың ким экениңди.
+4
make2
2020-10-14 08:18:50
Kylym.85, кошулам,садырга каршы чыккан депутаттарды каралап [moderated]дан да фейк маалыматарды толтуруп салышты,
-1
kabylan.dili
2020-10-14 11:32:08
Kylym.85 ооба 5,
0
almanbetperm
2020-10-14 10:43:58
Бакенде чек ара маселеси жаралганда ушундай адам чыкса кана эле, айрым жепжутарлар чыныгы жуздорун коргозуп коюшту,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан