Кичинекей Саян Айтикеев элди ынтымакка чакырып, акын Зайырбек Ажыматовдун "Улутпуз биз!" аттуу ырын көркөм окуганы көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алды. Анда ал "урматтуу кыргыз элим, мекенибизде ынтымак болсун. Эч бир ата-эненин көз жашы төгүлбөсүн, улууларга ыйман берсин. Биздин келечекти унутпаңыздар! Жергебизге тезирээк тынчтык орносун" деген изги тилек менен акын Зайырбек Ажыматовдун "Улутпуз биз!" деген ырын көркөм окуган.
Социалдык тармакта 8 жаштагы Саяндын көркөм окуусун колдонуучулар өз баракчаларында бөлүшүп, ага алкыш айтып, келечеги кең болушуна тилектештигин билдирген билдирүүлөрдү жазып калтырышкан.