Бишкек мэриясы массалык чогулуулар учурунда тазалыкты сактабай, шаардын көчөлөрүн таштандыга толтурган жарандарга кайрылды. Мэриянын басма сөз кызматы социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жазып, сүрөт жүктөдү.
"Бирөө жарым Бишкекти булгайм десе, ушул байке-эжелердин сүрөтүн көрсөтүп койгулачы ээ... арасында балким, тааныштарын көрүп, уялып калар", - деп жазылат билдирүүдө.