Биз социалдык тармакта

Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 15-октябрга карата аба ырайы

Эртең,15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15;

Нарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +10…+15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +14…+16 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан