Телефонго жооп бермек түгүл уктаганга убакыт жок. Өкмөт башчы Садыр Жапаров телефон чалгандарга жооп бере албай жатканынын себебин түшүндүрүп кетти.
"Урматтуу мекендештерим. Менин телефонумда он миңден ашык контакт бар. 50дөн ашык WhatsApp группалар бар. Күнүгө он миңден ашык билдирүү келип жатат. Жанымда телефон жок. Жардамчымда жүрөт. Телефонго жооп бермек түгүл, он күндөн бери уктай элекмин. Жардамчым айрым билдирүүлөрдү окуп айтып жатат. "Ии болду, премьер-министр болгондон кийин эле карабай кетесинби?" деп жазып жатышыптыр. Менин окуганга убактым жок. Ошону туура түшүнүңүздөр. Мына эми телефонго жооп бербей калды дегендер мага 2-3 ай убакыт бериңиздер. Мен ишти жолго салып алайын. Анан жооп берип баштайм", - деди өкмөт башчы.