
Эртең, 15-октябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 15-октябрь күнү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаадагы Айтматов, Барпинская, Парковая, Лесная, Чехов, Шопоков, Миң Өрүк, Киров, Бабкин көчөлөрүндө саат 10:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.