"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Териси тар - сөз көтөрүмү жок, бир нерсеге бат мурчуйган, ачуусу чукул. Мисалы: Териси тар болсо, бая эле кырс этип кабагын салып калат эле. (Т. Сыдыкбеков)
2. Ак-сары башыл - кокустуктан, катуу кырсыктан аман-эсен калганда Кудайга жалынып, мал атап өткөрүлүүчү түлөө, курмандык. Мисалы: Берекетти аракет менен таба турган дыйкан эле, кыбыланы карап, кудай жолуна ак-сары башыл атап союшуп, кудайдан ырайым тилешип, шак кыркын басып киришти. (Т. Касымбеков)
3. Ит арка - бир пикирге келишпегендик, ыйкы-тыйкы, чыр-чатакка келүү. Мисалы: Биз алар менен ит арка болуп кирип-чыгышпай калдык. ("Чалкан").