Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги аппараттык жыйыны болуп өттү. Жыйында шаардын кышка даярдыгы тууралуу сөз болду. Вице-мэр Ильяз Ражаповдун айтуусунда, бүгүнкү күндө шаарда 17 көп кабаттуу үй кышка даяр жана 7 үйдө даярдыктар жүрүүдө. "Башка көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына жылуулук системи менен камсыз кылууда жергиликтүү бюджет 50 пайызын төлөп берери тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө”,- дейт Ражапов.