Биз социалдык тармакта

Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган тургундарга Эне-Сай конушунан турак жай берилет

Ош шаарындагы Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган тургундарга Эне-Сай жаңы конушунан турак жай берилет. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайы бузулган тургундар менен жолугушту.

Шаар башчысы бир дагы жаран турак жайсыз калбай турганын белгиледи. Жакынкы күндөрү 20 үй тургундарга тапшырылат. Калган турак жайлар этап-этабы менен берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан