Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасынан паспорту бар жарандар гана өтө алат"

Кыргыз-Казак чек арасынан паспорту бар жарандар гана өтө алат. Эки өкмөт ортосунда түзүлгөн "Кыргыз жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казак жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби" жөнүндөгү протоколго киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу ушул жылдын 20-октябрынан баштап жашы жете элек жарандары чек арадан өтүүгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда ушул жылдын 18-августунда протокол менен киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирген. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын жашы жете элек жарандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документ болуп эсептелбейт. Ага Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы аба каттамы да кирет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жарандар Кыргыз-Казак чек арасынан өткөрүлгөн болсо, мекенине кайтып келе жатканда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүп өтүшөт.

Бул жаңы тартип Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын жашы жете элек жарандарына тиешеси жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Muratmipa
2020-10-15 13:37:24
Качан чек арадан паспорту жок Адам отуп журду эле кызык
+3
Adi010891
2020-10-15 13:43:12
Буга чейин паспортту жок жарандар отуп журчу окшойтда
+2
nargiz-sa
2020-10-15 15:06:44
Түшүнбөй жатасыңарбы жашы жете элек же паспорту жок туулгандыгы тууралуу күбөлүк мн өтүүгө болбойт экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан