Бишкекте мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун тарапташтары митингге чыгышты. Топтолгон бир нече адам Ак үйдүн алдында турушат, талаптары Азиз Батукаевдин окуясына күнөөлүүлөрдү кызматтарынан алуу. Алар Акунду иштен алган Жогорку Кеңешке ишеним көрсөтпөө талаптарын да айтышууда. Эгер талаптары аткарылбаса, күтүүсүз кадамдарга бара тургандыктарын айтышууда митингчилер.
Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 50дөн ашык жаран арыз берди жана шайлоо 25-сентябрда өтө турганы белгилүү болду.