Биз социалдык тармакта

Шабдан Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу тоскоолдуктар жаралат

15-октябрдан тарта Шабдан Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу тоскоолдуктар жаралат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда электр кабелин жаңылоо боюнча жер казуу иштери Шабдан Баатыр көчөсүнүн өтүүчү жолунда, Лермонтов көчөсү менен ЖЭБдин буруп кетүүчү каналынын ортосунда жүргүзүлөт.

"Иштер "Электр станциялары" ишканасынын тапшырыгы менен «МПФ Максат» бөдрөтчү компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө жана 2020-жылдын 31-октябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Келишимге ылайык, жумуштар аяктагандан кийин бөдрөтчү компания көрктөндүрүүнүн бардык элементтерин, жолдун асфальт катмарын калыбына келтирет.

Мэрия жана "Электр станциялары" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана автоунаа менен барууда маршрутту алдын ала тандап алууңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан