Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Кадырбеков Нуржигит эмгек жамаатка тааныштырылды. Жаңы дайындалган министрди эмгек жамаатка өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Бактыбек Аманбаев тааныштырды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын премьер-министрин жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
"Кыргыз Республикасынын конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалсын",- деп айтылат жарлыкта.