Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл облусунда митингде жаракат алып каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулуна багышталып куран окутулат

Ысык-Көл облусунда Үмүтбек Алтынбек уулуна куран окутулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматта Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облус казысы Алмаз Сагындыковду кабыл алганы айтылат.
"Жолугушуу учурунда облус аймагындагы мечиттерде жума намаздан кийин митингде жаракат алып каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна жана жалпы көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын арбагына багыштап куран окутуу тууралуу чечим кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.
Үмүтбек Алтынбек уулу 5-октябрдан 6-октябрга караган түнкү митингге чыккандар менен укук коргоо органдарынын кагылышуусунда колдонулган жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып каза тапкан. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси болгон. Үмүтбектин кыялы, окуучулук күндөрдөгү табылгалары тууралуу шилтемени басып кирүү менен окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bermet01
2020-10-15 23:15:51
Умутбектин умуту акталган жок. Садыр Жапаров бийликтин уч бутагын менчиктеп алды. Садырдын сокур фанаттары аша чаап кетишти, аягы жаман жолот окшойт. Как будто кыргызстанды Садырдын гана фанаттары бийлечуудой сезип алышты. Садыр Жапаров популисттик лозунг менен, жаштардын кулагына лапшаны илип, бир нече адамды озунун сокур фанатары кылып алганга жетишти.
0
anash
2020-10-16 00:17:46
Бермет туура айтас мен Сокени деле жактабайм бирок тура туруш керек эле болду эми экономика артка кетет эчким гранд болбойт баары токтоду мен митинге чыкан элге ото боорум ооруу ушул умутунор акталабы экен?жок Садыр келсе Кыргызстан гулдоп кете турган болдунарго бардыгы мыйзам чегинде болуш керек эле Р.Казакбаевти эмнеге тышкы иштер минстр кылды?Бабанов суйлошуп алды эл бузар менен Атамбайды чыгарса тан калбагыла.Камчыны ишке койот ал тууганын койот анан жей баштайт биз жоголунун алдында турабыз
0
Nurik1988
2020-10-16 01:19:31
Садыр, гулдотпосо дагы онугуу болот коросунор
+1
bekbol2006
2020-10-16 11:45:20
Садыр Эл учун иштейт Алла буюрса
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан