"Бишкек жүргүнчү ташуучу унаа ишканасы" муниципалдык ишканасына тиешеси жок. Жарыяланган сүрөттөрдөгү жана видеолордогу автобустар №35 шаардык каттамды тейлеген "Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясынын менчиги болуп саналат.
Белгилей кетсек, оор күндөрдө муниципалдык автобустар коомдук тартипти сактоого жана шаарды коргоого катышат. Биздин автобустарда күн сайын милиция кызматкерлери жана элдик көзөмөлчүлөр жүрөт. Буга чейин "Шыдыр Жол Кей Джи" ишканасына №5 автобус каттамы берилген. Бирок компания пландаштырылган боюнча өз милдеттенмелерин аткара албагандыктан азыр бул каттам жабык", - деп айтылат маалыматта.