Биз социалдык тармакта

Митингчилер Үмүтбекке арнап куран окушту

Бүгүн, 15-октябрда өкмөт үйүнүн алдына Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандар чогулган. Митингге келгендер кийинчерээк "Ала-Арча" резиденциясына жакын "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына барышты.

Митингчилер "Ала-Тоо" аянтындагы нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулуна багыштап куран окушту.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар 5-октябрда борбордук "Ала-Тоо" аянтына нааразычылык митингин өткөрүшкөн. Кечке маал митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, бир нече адам жаракат алып, ооруканаларга кайрылышкан. Кечки кагылышта жабыркаган 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу ооруканада көз жумган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан