Биз социалдык тармакта

ӨКМ: "9 ай ичинде өрттүн саны 42,8 пайызга азайып, тилсиз жоодон 43 адам куткарылды"

9 ай ичинде өрттүн саны 42,8 пайызга азайып, тилсиз жоодон 43 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 15 адам каза болуп (2019-жылы 35 адам), 19 адам жабыркады (2019-жылы 46). Тилсиз жоодон 43 адам куткарылып, 2 миллиард 911 миллион 123 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталды. 1092 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 62,8 пайызды түздү.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
Бишкек шаарында - 276;
Чүй облусунда - 458;
Ош облусунда - 228;
Жалал-Абад облусунда - 265;
Ысык-Көл облусунда - 190;
Нарын облусунда - 71;
Талас облусунда - 82;
Ош шаарында - 53;
Баткен облусунда - 104 өрт катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан