Кечээ, 15-октябрда отставкага кеткенин жар салган президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министринин орун басарлары Алмазбек Орозалиев менен Мирлан Каниметовго генералдык наамды ыйгарды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков 14-октябрь күнү ички иштер министринин кызматкерлерине жогорку атайын наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык, милициянын генерал-майору наамы эки кызматкерге берилген.