Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. 17-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 17-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Таласта түнкүсүн +0…+5, күндүз +15…+20;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +0…+5, күндүз +12…+17;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз 19…21 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан