"Кыргызстан Жаштар" кыймылы 26-сентябрда райондук сот тарабынан 11-жылга кесилген мурунку мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча коомдук угуу өткөрөт. Бул тууралуу журналисттерге “Кыргыз эл баатырлары” жаштар кыймылынын башчысы Аманбол Бабакулов билдирип: "иш-чарага президентти, премьер-министрди, башкы прокурорду, Жогорку Соттун төрайымын жана Нариман Түлеевдин туугандарын чакырдык. Биз Түлеевди коргоо же айыптоо максатында чогулбайбыз, соттун чечими боюнча эки тараптын оюн угалы деп жатабыз”,- деди ал. Коомдук угуу 26-сентябрь күнү “Достук” мейманканасында саат 10:00дө башталат.
Эске салсак, соттун биринчи инстанциясында Нариман Түлеевдин үй-мүлкү конфискацияланып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми мэриянын айыпталган мурдагы 5 кызматкерин 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратуучу чечими чыгарылган. Түлеевдин иши 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.