Биз социалдык тармакта

Быйыл тогуз айда 26 миңден ашуун түгөй баш кошсо, 6 миңден ашык түгөй ажырашты

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына карата 26 миң 511 жубайлар никеге турушкан. Бирок ошол эле учурда ушул мезгил аралыгында 6 миң 313 түгөй ажырашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"2019-жылдын бул мезгилинде 35 миң 97 нике катталган. Былтыр үйлөнгөндөрдүн саны 8 миң 586га көп болгон. Ошол эле учурда 2020-жылга караганда 1958ге көп ажырашуу да катталган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 9 ай аралыгында 649 бала асырап алууга катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан