Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү

Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул багытта түнкү рейд өтүп, калаадагы 17 кафе-ресторандарга кыдыруу жүрдү.

"Алардын ичинен беш жайда сырткы жарыктандырууларын өчүрүп, жашыруун той өткөрүп жаткандары маалым болду. Ага шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Нуртилек Орозбаев, тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, массалык эл чогултуулардын кесепетинен оору кайрадан күч алып жаткандыгы айтылды.

Төрт жайга шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан айып пул салынып, бир тойканага эскертүү берилгенине карабай той өткөрүп жаткан. Аларга укук коргоо органдары тарабынан акт түзүлүп, айып пулга жыгылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан